Садыр Жапаров УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имаратын ачууга катышты (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-январда Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын имараты өлкө коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, улуттар аралык ынтымакты сактоо, коомдун саясий-социалдык туруктуулугун бекемдөө жаатында ишмердүүлүктү арттырууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

“УКМКнын облустардагы башкармалыктары өзүнө тагылган милдеттерди жетиштүү деңгээлде аткарып келе жатышат. Бирок бардык эле жоопкерчиликти коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жүктөй бербестен, алардын кызматтык милдетин так аткарууга көмөкчү боло турган шарттарды түзүү – бул мамлекеттин иши. Коопсуздук органдары, анын ичинде облустардагы башкармалыктар бизге ишенимдүү таяныч болуп берет. Мына ошондуктан, ички-тышкы коркунучтарды алдын алуу, керек болсо натыйжалуу жоопту берүү үчүн жетиштүү шарттар түзүлүшү кажет”, — деди Садыр Жапаров.

Президент капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имарат 1976-жылы курулганын маалымдады. Дээрлик жарым кылымды чамалаган бул имаратта капремонт жүргүзүлгөн эмес. УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин ишине тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында жалпысы 2 миң чарчы метрден ашык имарат толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 544 чарчы метрди түзгөн кошумча имарат курулду. 517 чарчы метрлик спорт залы дагы оңдолуп-түзөлдү. 1000 чарчы метрге асфальт төшөлдү.