Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт

Президент Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясын оңдөп түзөөгө канча каражат кеткенин бүгүн, 19-декабрда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барганда айтты.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Мен бүтүндөй бир мамлекеттин интеллектуалдык флагманы болгон Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, жаңы шартта кайрадан ишмердүүлүгүн баштоого канчалык деңгээлде даяр экенинине күбө болуу үчүн келип олтурам.

Баарыбызга белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө бир топ социалдык, маданий, илимий жайларыбыз жайгашкан имараттарда капиталдык ремонт иштери боло элек. Алардын ичинде мына ушул Улуттук илимдер академиясынын имаратында дагы 1964-жылдан тартып олуттуу оңдоо иштери жүрө элек экен. Мындай узак жылдардан бери илим очогу болгон Илимдер академиясына тийиштүү көңүл бурулбай, инфратүзүмдүк базасы артта калгандыгы чындап эле кейиштүү жагдай.

Мындан улам, быйыл Академиянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түп-тамырынан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мамлекеттин казынасынан 500 миллион сом бөлүнүп берилген.

Дүйнөлүк тажрыйба, болуп жаткан өзгөрүүлөр бизден илим тармагын түп-тамырынан өзгөртүүнү талап кылып жатканын сиздер деле жакшы түшүнүп турасыздар. Мурда советтик башкаруу моделинде илим тармагына каражат каралып, бирок натыйжа дээрлик суралган эмес. Бул доор бир топ жыл мурун эле артта калган. Азыркы күндө болсо илим тармагы так, натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү болушу зарыл! Башкача айтканда, учурдун талабына ылайык, илим – жаңы идеялардын, инновациялык технологиялардын, заманбап чечимдердин булагы болууга милдеттүү. Тилекке каршы, биздин Улуттук илимдер академиясынын акыркы жылдардагы ишмердүүлүгүнөн мамлекетибиздин стратегиялык багыттары үчүн чечкиндүү илимий сунуштарды, натыйжалуу долбоорлорду көрө албай келебиз.

Анын ордуна илимий чөйрөдөгү интригалар, нааразылыктар, тааныш-билиш менен кызматка орношуулар биринчи планга чыкты.  Чыныгы илимий өндүрүмдүүлүк, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, жаңы ачылыштар жокко эсе. Ал эми окумуштууларыбыздын көпчүлүгү ишке ырааттуу келбей, кызмат орундарын формалдуу гана сактап, бирок айлык маяна алып жүргөн учурларын айткандан дагы уяласың. Айрым жетекчилер үй-бүлөлөрүн, жакын туугандарын Академияга жумушка орноштуруп, чала-чарпыт изилдөөлөргө эле наамдарды алуу адаты сыяктуу жагымсыз жагдайлар болууда. Академиянын негизги максаты болгон илимди алдыга сүрөө унутта калып эле, тар кызыкчылыктарга басым жасалып жатканы — илим тармагына жасалган кайдыгер мамиле деп эсептейм. Мындай өнүгүүгө кедергисин тийгизген терс көрүнүштөрдү тезинен токтотуубуз зарыл!

Өлкөбүздүн ЖОЖдору жана жеке менчик илимий-изилдөө институттары мамлекеттен каражат сурабай эле илимди өнүктүрүп, натыйжа жаратып жатышат. Балким, маселе каражаттын аздыгында эмес, илимди өнүктүрүү ыкмаларынын эскилигинде, жаңыча ой жүгүртүүнүн жетишсиздигинде, заманбап менеджменттин жоктугунда жана эмгектин туура эмес баалангандыгында болуп жатпасын деген ой келет.

Академиянын имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү – бул илим чөйрөсүнө түзүлө турган шарттардын башаты деп кабыл алыңыздар. Жетиштүү каражаттарды да бөлүп беребиз. Кудайга шугур казынабыз мудагыдай куру эмес. Түзүмдүк реформалар аркылуу ийгиликтүү иш жүргүзүлүшүн, илимде реалдуу натыйжаларды жаратууну талап кылуу менен бирге, Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык акысын 1-январдан тарта 100 пайызга көтөрдүк».