Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Бүгүн, 20-декабрь Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамы. Президент Садыр Жапаров аларды куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

“Урматтуу Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Эгемен мамлекетибиздин коопсуздугун, анын аймактык бүтүндүгүн ички-тышкы коркунучтардан коргоо милдети сиздерге ишенип тапшырылган. Бул ыйык вазыйпаны так аткаруу үчүн сиздер күнү-түнү бел чечпей, кара жанды карч уруп иштеп келе жатасыздар. Анын жыйынтыгы катары өлкөбүздүн бардык аймактарында бейпилдиктин, кооптуу делген чек ара тилкелерибизде тынчтыктын өкүм сүрүшүн белгилеп кетсек болот.

Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан күтүүсүз окуялар бизден калыптанып калган иштөө ыкмасынан арылып, жаңыча ой жүгүртүүнү жана ыкчам аракеттенүүнү талап кылат. Бул окуялар ошол чөлкөмдөгү гана кырдаалга таасирин тийгизбестен, эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын жанданышына да түздөн-түз өбөлгө түзөрү талашсыз. Ошондуктан болуп жаткан коркунучтарга жана чакырыктарга дайыма даяр болуп, алдын алуу иштерин жүргүзүү – сиздердин негизги милдетиңиздер. Ушул өңүттө чалгындоо жана контрчалгындоо иштеринин натыйжалуулугун арттыруу, эл аралык терроризмге жана экстремизмге, азыркы замандын жарасына айланган киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү ар дайым жадыбызда болушу керек.

Өлкөбүздүн экономикасынын ырааттуу өнүгүшү менен жалпы эле күч органдарынын, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине шарттар түзүлүүдө. Кызматкерлерди турак-жай менен камсыздоо жана аларды ар тараптан колдоо маселелери ийгиликтүү чечилип жатат.