Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Дагестандагы май куюучу станцияда болгон жарылуудан адамдардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

“Дагестандагы май куюучу станциядагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм жана бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин тилейм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Махачкалада өрттөн каза болгондордун саны 35ке жеткенин, жарылуу болгон жерде урандылардын астынан 5 беш адамдын сөөгү табылганын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Дагы 75 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Жардыруу 14-август күнү кечинде Махачкаланын четиндеги май куюучу станцияда болгонун Дагестандын башчысы Сергей Меликов билдирди. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, унааларды техникалык тейлөө станциясында жарылуу болуп, өрт май куюучу жайга өтүп кеткен.