Жапаров Путинден белекке алган 1 метрлик кылычын музейге тапшырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин белекке берген кылычты Тарых музейине тапшырды. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик тарых музейинин экспозицияларынын башкы сактоочусу Нурхат Иманкулова билдирди.

Анын айтымында, президенттин белекке алган кылычы музейдеги коллекцияга мыкты кошумча болду.

“Тарых музейинин эмгек жамааты президенттин мындай белегине абдан кубанычта. Бул музейдеги Белек фондусуна чоң кошумча болду. Кылычтын узундугу 1 метр. Ал кымбат-баалуу таштар, металлдар менен кооздолгон экен”, — деди ал.

Музейдин фондунда президенттердин, премьер-министрлердин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын Совет доорунан бүгүнкү күнгө чейинки белектери бар экендигин айтты. Коллекцияда кадыр-барктуу адамдардын 2,5 миңден ашуун белектери бар.

Өткөн жумада Садыр Жапаров Москвага эки күндүк иш сапары менен барган. Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары белек катары бири-бирине кылыч тапшырышкан эле. Кийинчерээк президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек белек Тарых музейине тапшырыла турганын билдирген.