Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.
“Орозо – жан дүйнөнү тазалоо менен изги иштердин, бийик максаттарга жетүүгө шыктануунун айы катары сыпатталып, мусулман жамааты үчүн ыйык жана касиеттүү ай деп саналып келет. Канча кылымдар өтпөсүн, бул ай айкөлдүктүн, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, ошону менен бирге адеп-ахлагыбызды бекемдөөнүн айы болуп келген. Берекелүү бул айдын кириши менен момун мусулмандар орозо кармап, Жаратканга ишенимин чыңдап, руханий азык алууга, арууланууга ниет кылышат.
Өлкөбүздүн эртеңи үчүн элибиздин ынтымагы менен бейпилдиги өзгөчө мааниге ээ! Мына ошондуктан мамлекет бардык диний көз караштарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасайт. Баарыбыздын биргелешкен иш-аракетибиз менен өлкөбүздүн өнүгөрүнө жана алдынкы өлкөгө айланарына терең ишенем! Андыктан, жан дүйнөбүздү жаман ойлордон арылталы, пейилибизди түзөп, жаркын келечек курууга ар бирибиз оюбуз, ниетибиз, иш-аракетибиз менен кол кабыш кылалы.
Бул улуу айда жалпы кыргызстандыктарга бакубат жашоо, тынчтык жана жакшылыктарды каалайм! “Жашоодо эң күчтүү курал – бул акыл, эң күчтүү чеп – бул сабыр” деген накыл кеп сыңары, билим алуу менен катар сабырдуу болууга умтулалы. Ички руханий тазалыктын, аруулуктун айы болгон Орозо айында ар бир үйгө Жаратканыбыз кут-береке алып келсин. Жалаң гана жакшылыкка үмүт байлап, таза ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Орозо айыңыздар куттуу болсун!”.