Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү марафондун ачылышына катышты (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафонго старт берди.

Мамлекет башчысы XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалады. Президент 2020-жылдын аягында Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону «квалификациялык» деп таанылганын, марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы 2021-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына киргендигине токтолду. Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт.

«Бул марафондо күчтүүлөр жеӊсин! Эӊ чоӊ жеӊиш — бул сиздердин катышканыӊыздар! Бардыгыӊыздарга ийгилик!» — деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.