Садыр Жапаровдон Миң-Өрүк жана Достук айылдарынын тургундары пайызсыз насыя берүүнү сурашты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ушул жылдын 14-17-сентябрдагы кайгылуу окуянын кесепетинен жабыркаган Баткен районунун Миң-Өрүк жана Достук айылдарына барды. Ал аталган чек арадагы айылдарда үйлөрдү куруу жана калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

Азыркы учурда Миң-Өрүк айылында 37 турак-жайда курулуш иштери жүрүп, анын 16сында үйдүн ички оңдоосун бүтүрүү иштери жүрүп, 10 үйдүн чатыры жабылды. Достук айылында бардык 59 үйдүн пайдубалын түптөө аяктады, 4 үйдүн дубалы курулду, 36сында плиталары орнотулууда. 14 үйдүн чатырын жабуу иштери жүрүүдө.

Курулуштун жүрүшү менен таанышкан мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын талкаланган турак-жайларын калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырып, курулуш иштерин бардык нормаларды жана тиешелүү стандарттарды сактоо менен жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Садыр Жапаров ошондой эле, жергиликтүү тургундардын ыңгайлуу жашоосу үчүн айылды тийиштүү инфраструктура менен камсыздоону тапшырды.

Мамлекет башчысы турак-жайларды көрүп чыккандан кийин эки айылдын тургундары менен жолугушту, алар насыя алуу, атап айтканда пайызсыз насыя алууга мүмкүнчүлүк берүү, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү, социалдык жеңилдиктер, ички жолдорду куруу жана социалдык объектилерди, айрыкча мектептерди куруу боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.