Садыр Жапаровдун 30 жаштагы жардамчысы тууралуу эмне белгилүү?

Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Ал тууралуу ачык булактардагы маалыматтарды топтодук.

Усубалиев Нурсултан Таалайбекович 1993-жылы 22-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Буга чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. Ал коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Таалайбек Усубалиевдин уулу.