Садыр Жапаровдун «Дордой» базарына барары күтүлүп жатат

Бүгүн, 5-декабрда Садыр Жапаровдун «Дордой» базарына барары күтүлүп жатат.

Маалыматтарга караганда, өлкө башчысы соодагерлер менен жолугат. Учурда базарда милиция кызматкерлери жүрүшөт.

Президенттин “Дордойго” саат 13:00дө барарын журналисттерге администрациясы тастыктаган.