Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы баракчалары верификациядан өттү

Президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы баракчалары расмий тастыктоодон өтүп, көк белги алды.

Учурда Жапаровдун  Фейсбукта жана Инстаграмда расмий баракчалары бар.

Буга чейин Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жазылган посттор, комментарийлер көп талкуу жараткан. Депутат Дастан Бекешевге дал ушул аккаунт аркылуу кемсинткен сөздөр жазылган. Кийин президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун аккаунтуна хакердик чабуул жасалганын айткан.