Садыр Жапаровдун жаңы жылдык эс алуу күндөрдү үй-бүлөсү менен өлкөдө өткөрөрү маалымдалды

Президент Садыр Жапаров жаңы жылды үй-бүлөсү менен тосту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бүгүн, 2-январда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жаңы жылдык эс алуу күндөрдү да үй-бүлөсү менен өлкөдө өткөрөт.

«Ошол эле учурда мамлекет башчы Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен дайыма байланышта. Керек болгон учурда президент аларды резиденцияга чакыра алат», — деди Алагөзов.