Садыр Жапаровдун кеңешчиси Рамзан Кадыров менен жолугуп, ат жабдыктарын белек кылды

Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Руслан Кыдырмышев Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго ата мекендик чеберлердин колунан жасалган ат жабдыктарын белек кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Рамзан Кадыров менен Руслан Кыдырмышевдин жолугушуусу Грозныйда өткөн.

«Бул адамды көргөнүмө кубанычтамын деп дароо айтышым керек. Биринчиден, мен аны жакында кеңешчи болуп дайындалышы менен куттуктадым. Бейрасмий шартта, биз ар дайымкыдай эле, аймактарыбыздын ийгиликтери жөнүндө сүйлөшүп, дүйнөдөгү акыркы окуялар боюнча көз караштарыбыз менен бөлүшүп, ар кандай турмуштук темалар жөнүндө сүйлөштүк”, — деди Рамзан Кадыров.

Анын айтымында, эки республиканын көптөгөн кызыкчылыктары бар. Булар спорт, кайрымдуулук жана башка көптөгөн нерселер.

«Руслан Кыдырмышев мен сыяктуу эле, ат минүүгө көп убакыт бөлөт. Ошентип, биз сүйлөшө турган бир нерсе бар болчу. Натыйжада, өтө мазмундуу жана жай баракат сүйлөшүү болду. Кыргыз жана чечен элдери бир тууган. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда оор сталиндик репрессиялар мезгилинен бери жашап келген мекендештерибиздин ири диаспорасы жашайт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы жана социалдык чөйрөсү тездик менен өнүгүп жаткандыгы мени кубандырат», — деди өлкө башчысы.

Садыр Жапаровдун кеңешчиси кайсы максатта Чечен Республикасына баргандыгы белгисиз. Ошондой эле, иш сапар мененби же жеке иш сапар мененби, белгисиз. Президенттин басма сөз кызматы азырынча маалыматка комментарий бере эле.