Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи Улуттук филармонияда өтөт

Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи 28-январда Улуттук филармонияда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Жапаровдун штабынан билдиришти.

Алардын айтымында, төш белгини тапшыруу аземи саат 10:00дө башталат.

Даярдыктын жүрүшүндө учурдагы эпидемиологиялык абал эске алынарын айтышты.