Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземине жакындары да келди

Президент Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземине үй-бүлөсү, туугандары да күбө болушту. Биринчи катардагы отургучтардын ортосунда жубайы Айгүл Асанбаева, балдары, бир туугандары Сабыр жана Дөөлөт Жапаровдор, туугандары отурушту.

Ошондой эле карындашы — «Мисс Кыргызстан 2020» наамын жеңген Лазат Нуркожоева (инисинин кызы) да болду.