Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлүп токулган килем кызуу талкууга түштү. Иш бөлмөсүнө илип алган адамдын өзү эмне дейт?

Ош шаарындагы жетекчилердин бири жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлүп токулган килемди иш бөлмөсүнө илип алган сүрөт кызуу талкууга түштү. Социалдык тармактын колдонуучулары аткаминердин мындай кадамын кошоматчылык деп баалашууда.

Президенттин Ош шаарындагы резиденциясына жаңы директор болуп дайындалган Санжар Төлөнбаев иш бөлмөсүнө талкууга түшкөн килемди илип алганын кадимки эле мыйзамдуу көрүнүш деп эсептейт. Ал SEREP.MEDIA маалымат агенттигине өз пикирин билдирип жатып, жетекчи бул кадамын коомчулук сындап жаткандай кошоматчылык деп эсептебей турганын айтты.

«Кимдир бирөөгө жагынуу үчүн сүрөттү илген жокмун. Социалдык тармакта мени кошоматчы деп жазгандарын окудум. Садыр Нуркожоевич менен көп ысык-суукка күйүп, бирге жүргөнбүз. Куугунтукталганда биз да кошо куугунтукталып, башыбыздан көптү өткөрдүк.

Ал эми килемди мурун эле Садыр Жапаров түрмөдө отурганда жасатып койгом. Ал акталып, бийликке келсе көрүнүктүү бир жерге илем деген кыялым бар эле», — дейт Санжар Төлөнбаев.

Мындан тышкары интернет айдыңындагы бир канча нааразычылыктардан кийин ал килемди иш бөлмөсүнөн алып салганын кошумчалады. Анын айтымында, Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн килемдин узундугу 2 метр жана туурасы 1 метр 50 сантиметр. Өлкөдө мындай көлөмдөгү килемди жасоонун башталгыч баасы 25 миң сомдон бааланат.