Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
«Буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору болду. Жолугушуунун жыйынтыгында, президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды», — деди ал.