Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Портер сүзүп кеткен балдар Бишкекке алып келинет

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусунда унаа сүзүп кеткен балдар атайын борт менен Бишкекке алынып келинет.
Абалы оор деп бааланып жаткан он бала туугандары менен чогуу Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында болот. Мамлекет башчысы балдарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылууну жана медицина адистерине күнү-түнү кароону тапшырды.