Садыр Жапаровдун туулган айылынын селден кийинки сүрөттөрү

ӨКМ Түп районунун айылдарында табигый кубулуштун кесепетин жоюу иштеринен фоторепортаж менен бөлүшүштү.

Эске салсак, 2-августта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүргөн. Ал эми бүгүн, 4-августта саат 11:00гө карата Каркыра айыл аймагынын Кең-Суу жана Байзак айылдарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштерин улантууга ӨКМден 130 куткаруучу тартылган.

Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан 29 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 12 адам жалпы 160 адам жеринде иштеп жатат. Техникалык жумуштарды аткарууга ӨКМден 12, Жарандык коргонуу кызматтарынан 8 техника тартылып, учурда тазалоо иштери жүрүүдө.
Түп районундагы Кең-Суу айылы президент Садыр Жапаров туулуп-өскөн айыл.