Садыр Жапаровдун уулу учкучсуз дронду ишке ашырып жатабы? Расмий органдардын жообу

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Кыргызстанда Саара аталышындагы учкучсуз дрон жасалып жатканын, ага президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун тиешеси бар экенин жазып, видео менен бөлүшүшкөн. Саара деген аталыш да жөн жерден чыкпаганын, ал президенттин небересинин атынан коюлганын жазып чыгышкан.

Бирок Коргоо министрлигинен журналисттерге маалыматты четке кагышып, маалыматты УКМКдан тастыктоо керектигин айтышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги УКМК менен байланышканыбызда, алар да маалыматты тастыкташкан жок.