Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдө эс алуучулар менен сүрөткө түшүп жатканда тартылган видеосу

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучулар менен сүрөткө түшүп жаткандагы видеосу тарады. Президенттин маалымат катчысы өлкө башчынын Ысык-Көлдө экенин тастыктады.

Видеодон Жапаровдун колуна кичине баланы көтөрүп, эс алуучулардын абалын сурап жатканын көрүүгө болот. Жарандардын «сүрөткө түшүп алалы» деген сунушун четке какпай, «кана ким тартат» деп алар менен сүрөткө да түшкөн.

Эс алуучулардын арасында өлкө башчысы менен тамашалашып, «Кытайдын карызынан кутулалы деп калдыкпы?» деп сурагандарын да угууга болот.