Садыр Жапаровго 2 кол салуу, Камчыбек Ташиевге 5-6 кол салуу алдын алынды

УКМК кызматкерлери президент Садыр Жапаровго карата эки кол салууну алдын алышты. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маек учурунда билдирди.
«Мага карата 5-6 кол салуу даярдалган. Атүгүл мен жүрө турган жолду жардырууга аракет кылышкан. Атайын кызматтардын жана милициянын сактыгы алардын пландарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген жок», — деп айтты ал.
Анын айтымында, мындай аракеттер уланууда жана алар үчүн чоң өлчөмдөгү финансылык каражаттар бөлүнүүдө. Мындан мурда УКМК Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну, «Рус Коён» жана «Руслан Бостеринский» деген лакап аттары менен белгилүү болгон жаранды кармаганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал УКМКнын жетекчилигине (Камчыбек Ташиевге) кол салууну уюштурууну пландаган.