Садыр Жапаровго Кара-Бак айылынын тургундары облуска өзгөчө макам берилгенден бери турмуш жакшырып баштаганын айтышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Ал аймакты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Садыр Жапаров белгилегендей, мамлекеттик чек ара маселелерин жана башка приоритеттүү милдеттерди чечүү үчүн мамлекет колдон келгендин баарын жасап жатат. Өз кезегинде жергиликтүү тургундар бүгүнкү жолугушуунун алар үчүн маанилүүлүгүн белгилешип, көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле, алар пенсия жана жөлөкпул сезилерлик көбөйгөндүгү үчүн президентке ыраазычылык билдирип, Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенден бери бул аймактын тургундарынын жашоо-турмушу акырындап жакшырып баратканын баса белгилешти.

Ушул эле жерде Садыр Жапаров Баткен районунун Кара-Бак айылындагы жолдун бөлүгүн жана ички көчөлөрдүн тротуарларын таш менен төшөө боюнча пилоттук долбоордун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчыга план боюнча 3 чакырымдык жолго эксперименталдык түрдө таш төшөлөөрү боюнча маалымат беришти. Учурда 100 метр таш брусчатка төшөлгөн. Бул ыкма жолдорду кадимкидей асфальттоодон арзан экени белгиленет. Маселен, 1 чакырым жолду таш брусчатка менен төшөө үчүн 6 миллион сом керектелет, таш төшөлмөнүн бекемдиги жана суукка туруктуулугу да жогору. Маалыматты уккандан кийин президент жолду таш менен төшөп, куруу боюнча пилоттук долбоор оң натыйжа берсе, анда жол тилкесин табигый таш менен төшөөнүн мындай ыкмасын айылдын ички жолдоруна киргизүү маселеси карала турганын белгиледи.