«Садыр, стадион!» Оюн учурунда кыйкырган күйөрман милицияга сурак бергени айтылды

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол учурунда «Ак терек, көк терек, бизге стадион керек!» деп кыйкырган чет элдик күйөрман милицияга сурак берди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жарандык активист Адилет Али Мыктыбек билдирди.

«Биз оюндан кийин жолукмакпыз, бирок Али Салих Ифлазоглу байланышка чыкпай жатты. Келгенде аны милиция суракка алып, түшүнүк кат жаздырганын айтты. Али Салих түркиялык ишкер. Биздин Бишкектин тургуну», — деди ал.

Редакция комментарий алуу үчүн Биринчи Май РИИБге кайрылганыбызда, маалымат кийин берилерин айтышты.