Садыр Жапаров сегиз жылдан бери биринчи жолу тоого эс алууга чыгып келгенин жарыялады

Садыр Жапаров сегиз жылдан бери биринчи жолу тоого эс алууга чыгып келгенин жарыялады. Бул тууралуу президенттикке талапкердин социалдык тармактагы баракчасына жазылды.

«Сегиз жылдан бери биринчи жолу тоого эс алууга келдим. Бир жарым айдан бери биринчи жолу 8 саат уктап, жаным жай ала түштү. Буга чейин 24 сааттын 20 саатын иш үстүндө өткөрүп жүрдүм.

Кудайга миң мертебе шүгүр. 6-октябрь күндөрү бир аткаминердин чекесине черттирбей, бир айнек сындыртпай, өлкөбүздө жаралган оор абалды колубузга алып, мыйзам талаасынан чыкпай, тынчтык жолу менен бийликти алмаштыра алдык», — деп жазылат билдирүүдө.