Садыр Жапаровдун кылган ырайымы менен абактан 230 адам бошотулду

Президенттин милдетин аткаруучулукту өткөрүп берип, учурда президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн Садыр Жапаровдун ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык, эркиндигинен ажыратуу жайларынан 230 адам бошотулду. Андан тышкары 38 соттолгондун мөөнөтү кыскартылды. Учурда бул багытта иштер улантылууда. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы ырайым кылуу маселелери боюнча тараткан маалыматка ылайык, ырайымдуулук жекече аныкталган адамга карата Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ырайым кылуу актысы президенттин жарлыгы менен ага карата кайрылуу кабыл алынган соттолгон адамга жиберилет. Эгерде ырайым кылуу өтүнүчү четке кагылса, президент расмий чечим чыгарат.

Ырайым кылуу жөнүндө арыздар, соттун чечими күчүнө киргенден кийин соттолгондордун жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде каралат. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды кечирүү жөнүндө өтүнүчтөр, эгерде комиссиянын сунуштары болсо, соттолгондорго ырайым кылууну колдонуу президенттин кароосуна берилет. Эгерде комиссия кечирим берүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө негиз таппаса, анда бул тууралуу маалымат президентке берилет, ал эми өтүнмө ээлерине кечирим берүү жөнүндө арыздардын четке кагылышы жөнүндө маалымдалат.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирери менен соттолгон ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгонго ырайым кылуу жөнүндө кайталап расмий өтүнүч менен кайрылуусу, эгерде жаңы көңүлгө алуучу жагдайлар жок болсо, он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгонго сот тарабынан дайындалган жазанын жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы соттолгондорго ырайым кылуу боюнча 1800дөн ашуун кайрылууну президентке караштуу кайрымдуулук катчылыгына жөнөттү.