Садыр Жапаровдун Нарынга кийип барган күрмөсү талкуу жаратууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Нарын облусунун эли менен жолугушту. Эл алдында сүйлөп жатып, аймактардагы абалды жеринен көрүү максатында республиканын региондорун кыдырып жатканын билдирди.

Ошондой эле эл оозунан чыккан «ачуу чындыкты» угууга жана көп жылдардан бери Нарын облусунун калкынын топтолуп келген көйгөйлөрүн чечүүгө даяр экендигин кошумчалады. Жолугушуунун соңунда тармактык мамлекеттик органдарга Нарын облусунун калкы көтөргөн ар бир маселени карап чыгууну, ошондой эле кыска убакыттын ичинде аларды чечүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Кызыгы, бул иш-сапардын алкагында да Жапаровдун кийген кийими көз жаздымда калган жок. Тагыраагы ал италиялык Moorer брендинин күрмөсүн кийип жүргөнүн байкоого болот. Анын Интернетте көрсөтүлгөн баасы 1200 евро же 120 миң сомду түзөт.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаровдун KITON брендине таандык кемсели коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан. Анын баасы болжол менен 250 миң сомду түзөрү айтылган.