Сезондук факторлордон улам респиратордук оорулар күчөп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Министрлик жарандарды сасык тумоого каршы эмделүүгө чакырып, эл көп чогулган жерлерде беткап тагынуу керектигин эскертти.
“Бала бакчаларда жана мектептерде дезинфекция күчөтүлдү. Эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө”, — деп айтылат маалыматта.