Бишкектеги Жаза аткаруу кызматынын имаратынын жанына бүгүн, 23-августта “Сакал” каймана аты менен таанымал кримтөбөл Улан Токтосуновдун жакындары чогулду. ЖАК өкүлү үч жакын тууганын имаратка алып киришкен. Калгандары сыртта күтүп калышты.
Буга чейин жактоочусу жана жубайы аларга себебин түшүндүрбөй анын Нарындагы СИЗО-4төн Бишкектеги СИЗО-1ге которулуп жатканын айтып чыгышкан. Алар «Сакалдын» өмүрүнө кооптонушууда.
Анын апасы президентке кайрылып, уулунун коопсуздугу үчүн коркуп жатканын айтты. «Которуласың деп айтыптыр. Биз аны менен кабарлаша албай жатабыз. Чогулуп тургандар бир туугандары, бөлөк киши жок. Коопсуздугунан коркуп жатабыз. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, балам мөөнөтүн ошол жерде эле өтөсүнчү. Былтыртан бери СИЗО-1де эмне деген окуя болуп жатат», — деди апасы.