«Сактоого муздаткыч жок». Кыргыз өлкөсү коронавируска каршы бекер вакцинаны алуудан баш тартты

“Бизге “Pfizer” компаниясы чыгарган вакцинанын 1 миллион 200 миң дозасын бекер алуу боюнча сунуш түштү. Бирок бизде аны сактоо үчүн атайын муздаткычтар жок”, — деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде.

Анын айтымында, вакцинанын жогорудагы партиясын бекер алуу сунушу 3 күн мурда түшкөн. Бирок аларды 70 градус суукта сактоо керек. Андай муздаткыч Кыргыз өлкөсүндө жок, ал эми анын баасы 4 миң доллардан жогору. Бейшеналиев бул боюнча Экономика министрлигине кат жөнөтүлгөнүн айтты.

Министр мындан тышкары, жарандарды эмдөөдөн өткөрүү үчүн атайын шприцтерди да чет өлкөдөн алдыруу зарылдыгын кошумчалай кетти. “Бизде муздаткыч эле эмес, вакцина үчүн атайын шприцтер да жок. Муну да башка өлкөдөн алып келиш керек экен. Жогорудагы жалпы керектөөлөргө 2 миллион доллар сарпталат. Бирок мамлекеттин казынасында мынча акча жок. Ошол үчүн бүгүн вакцина сунуштаган адамдар менен байланышып, башка вакцина сурайбыз”, — деди министр.

Бейшеналиевдин айтымында, Орусиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана Sputnik V же Vector вакцинасын берүү боюнча Владимир Путинге кат жазылган. Аталган вакциналар 2-18 градус суукта сакталышы керек жана мындай муздаткычтар Кыргыз өлкөсүндө бар.