«Салам алейкум, Кыргызстан! Бизде баары жакшы». Алматыда кармалган 4 Кыргыз жараны бошотулду

Алматыда кармалган 4 Кыргыз жараны бошотулду. Алардын бошотулганы тууралуу видео соцтармакта тарады.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Ариповдун айтымында, Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Жиншанло камактан чыгарылган. Алардын баары Алматыдагы базарда иштегендиги жана башаламандык учурунда кармалгандыгы маалымдалган.