«Салам, достор». Улуу Британиянын жаңы элчиси кайрылуу жолдоду (видео)

Чарльз Гарреттин ордуна Улуу Британия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчиси болуп дайындалган Ник Боулер биринчи видео кайрылууну жазды.

Ник Боулердин айтымында, ал Кыргызстандагы миссиясына даярдануу үчүн Улуу Британияда эмне кылып жаткандыгы тууралуу маалымат берүү үчүн көбүрөөк пост жазат. «Бүгүн абдан кызыктуу бир жолугушуу пландаштырылган, бирок чоо-жайы менен бөлүшүүгө али эрте», — деди элчи.

Ал ошондой эле кайрылуусун кыргыз тилинде баштады.