Салам, физкульт! Ошто шаар тургундары үчүн таңкы көнүгүүлөр өткөрүлөт

Эртең, 10-июнда эртең мененки саат 07:00дөн 08:00гө чейин Ош шаарынын үч кичи районунда, калктын сергек жана активдүү жашоосуна өбөлгө түзүү максатында шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан эрте мененки көнүгүүлөр уюштурулат.
Таңкы машыгуулар төмөнкү жайларда өтөт:
— Токтогул Сатылганов атындагы сейил багы;
— «Манас-Ата» аймактык башкармалыгынын Уркуя Салиева көчөсүндөгү аллеяда;
— «Керме-Тоо» аймактык башкармалыгынын Анар кичи районундагы Абдыкадыров көчөсүндөгү аллеяда.
Иш-чаранын программасында булчуңдарды алдын ала жумшартуу, көнүгүүлөрдү аткаруу жана чуркоо бар. Таңкы көнүгүүлөр шаардын ар кайсы райондорунда ар ишемби күнү өткөрүлмөкчү. Максаты — шаар тургундарын жана конокторун дене тарбияга жана сергек жашоого тартуу болуп саналат.