Саламаттыкты сактоо министрлиги: «Калктын 70 пайызы эмделмейинче, бир дагы вакцина 100 пайыз коргой албайт”

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан министрдин коронавирус инфекциясына кабылганы боюнча түшүндүрмө беришти. Маалымат боюнча, Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска чалдыккан, бирок ал эмдөөдөн өткөндүктөн оору жеңил формада болуп жатат. Министр аймактарды көп кыдырып жана кызыл зоналарга кирип жүргөндүктөн вируска кабылган. Учурда ал үйдө дарыланып, аралыктан иштеп жаткандыгы маалым болду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ошондой эле бир дагы вакцина COVID-19 инфекциясын, өлүмүн жана татаалдашуусун толугу менен жок кыла албастыгын кошумчалады. “Кыргызстанда колдонулган «Синофарм» вакцинасынын эффективдүүлүгү 80 пайызга, «Sputnik V» 95 пайызга чейин жетет. Демек, калктын иммунитетин өстүрүү үчүн калктын 70 пайызга чейин бөлүгү эмделмейинче, бир дагы вакцина 100 пайыз коргой албайт”, — деп билдиришти министрликтен.