Министрлик 33,5 миллион сомго гриппке каршы вакцина сатып алат

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти гриппке каршы вакцина сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. Департамент вакцинаны 33,5 миллион сомго сатып алууну пландоодо.

Тендер бүгүн, 21-июнда жарыяланып, арыздар 13-июлга чейин кабыл алынат. Тендердин шартына ылайык, вакцина келишим түзүлгөндөн кийин 20 күндөн кечиктирилбей алынып келиши керек.