Саламаттыкты сактоо министрлиги бир айда 1,2 миллион кыргызстандыкты эмдөөдөн өткөрүүнү пландаштырууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги бир айда 1,2 миллион кыргызстандыкты эмдөөдөн өткөрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 140 миң 922 адам биринчи дозасы менен, 84 миң 147 адам экинчи дозасы менен эмдөөдөн өттү.

Ал кошумчалагандай, келип түшкөн «Синофарм» вакцинасынын партиясы региондор боюнча бөлүштүрүлдү. Республикада соода жана көңүл ачуу мекемелеринде, маданий жана спорт мекемелеринде, базарларда жана парктарда 847 убактылуу вакцинация пункттары жайгаштырылды.