Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19ду дарылоонун 5-протоколун бекитти

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча бешинчи протоколду бекитти.

Буйрукка 16-апрелде кол коюлган. 38 пункттан турган документте коронавирустун эпидемиясын, этиологиясын жана патофизиологиясын аныктоо, диагноз коюу, бейтаптардын айрым топторун дарылоо боюнча сунуштарды карап чыгуу жана башкалар камтылган. Ошондой эле коронавирустун мутацияланып кетиши мүмкүндүгү да жазылган.

Мындан сырткары, протоколдо бейтаптарга далилденбеген дары-дармектерди, ошондой эле ооруну жеңил жана орточо көтөргөндөргө антибиотиктерди бербеш керектиги сунушталган. Анда антикоагулянттарды колдонуунун да жол-жобосу жазылганы айтылды.

Документте аконитти (Ысык-Көл тамыры, уу-коргошун) колдонуу тууралуу жазылган эмес. Протоколдун электрондук версиясы менен министрликтин сайтынан таанышууга болот.

Белгилей кетсек, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу-коргошун менен дарылоону сунуштады. Бул дары чөптү президент Садыр Жапаров өзү кайнатып жасап жатканы белгилүү болгон.