Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерге жумушка жеке унаасы менен барбоону сунуштады

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектин, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын дарыгерлерине жеке унаасы жок жумушка чыгууну сунуштады. Министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаиловдун аты жазылган каттын сүрөтүн Көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Ал коомдук транспортто жүргүнчүлөр көп болсо, дарыгерлер жумушка кантип жетээрине суроо салды.