Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүнүн улуттук планын иштеп чыкты

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөө жүргүзүнүн улуттук планын иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, иммундаштыруу үч этап менен жүргүзүлөт.

1-этапта: Кызыл зонада, ҮДТ, ҮМБда иштеп, инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу жогору жана өтө жогору болгон, оорулардын оор формасын пайда кылуу же өлүмгө алып келүү тобокелдиги жогору болгон интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн жана тез жардам кызматынын, узак мөөнөттүү кам көрүү мекемелеринин медициналык кызматкерлерин.

Оорунун күчөп кетүү тобокелдиги жогору социалдык-демографиялык топтор, вакцинаторлор, билим берүү мекемелеринин мугалимдери, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери, тейлөө чөйрөсүнүн, соода жана коомдук тамактануу жайларынын кызматкерлери.

2-этапта: 60 жаштан жогору курактагы адамдар, өнөкөт оорулар жана клиникалык тобокелдик факторлору бар 60 жашка чейинки адамдар, калктын социалдык аярлуу катмары.

3-этапта: Эмдөө иштери мамлекеттин жана донордук уюмдардын эсебинен улантылат.

Эмдөө пункттарын ачуунун алдын-ала планы дагы иштелип чыккан. Эмдөө пункттарын Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында ачуу пландаштырылууда. Эмдөө процессине ыкчам байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында, калган эмдөө пункттары республиканын бардык аймактарында ачылат. Эмдөө жүргүзүүгө өлкөдөгү бардык окутулган эмдөө кызматкерлери тартылат”,— деп билдирди Айнура Акматова.

Эскертүү!!! Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт!