Саламаттыкты сактоо министрлиги ведомствонун 2021-жылдагы коллегиясынын жыйынтыгында кимдер ээлеген кызматынан бошотулганын жарыялады.
— Нарын облустук Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Муратбек Аляскаров;
— Баткен районунун Кулунду шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Пулат Абдуманов;
— Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын директору Максымбек Омокеев;
— Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Садбар Кутбаева.