«Салкын-Төр» жаратылыш паркындагы сейрек кездешкен жаныбарлардын сүрөттөрү

«Салкын-Төр» мамлекеттик жаратылыш паркында 2024-жылдын июнь айында «Глобалдык жана локалдык өнөктөштүк» коомдук уюумунун жардамы менен 20 даана фотокапкан коюлган.

Сүрөттөр үч ай өткөн соң алынган. Фотокапканга Кызыл китепке кирген 7 илбирс, мындан сырткары эчки-теке, суусар, суур, түлкү, карышкыр, улар жана башка жаныбарлар түшкөн.