Салмагы 100 килограммды түзүп, 70 миң таякча менен жасалган Кыргызстандын желеги (сүрөт)

Социалдык тармакта Дастанбек Абдрахманов аттуу колдонуучу Кыргызстандын желегин 1 жылда 70 миң таякча менен жасаганын жазып, сүрөттөрдү бөлүштү.

«Ушул тууну өз колум менен 1 жыл аралыгында жасагам. Салмагы 100 килограмм. 70 миң таякчаларды сайып жасап чыккам. Карагылачы кандай керемет туу. Анан кантип ушул желегибизди өзгөртөт? Бул байрак үчүн жаныбызды беребиз го. Туу өзгөртүлбөсүн», — деп жазды ал.