Салык кызматы 256,7 миллион сом туум жана санкцияны кечти

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын август айынан тартып 2021-жылдын 24-майына чейин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын төлөгөн 5 миң 749 субъектиге карата 256,7 миллион сом туум жана санкцияны эсептен чыгарды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Салык карызынын негизги суммасын жойгон 4 миң 246 салык төлөөчүгө карата 187,6 миллион сом суммасындагы туум, санкция жана айып пулдары эсептен чыгарылды. Алардын ичинен туумдар 159,6 миллион сомду, салык санкциялары 28 миллион сомду түзгөн. Мында субъекттер бюджетке 312,6 миллион сом салык карызынын негизги суммасын төлөштү. Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын төлөгөн 1 миң 503 субъектиге 69 миллион сом суммасындагы туум, санкция жана айып пулдары эсептен чыгарылды. Бюджетке 148,7 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасы төлөндү»,— деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, төлөөчүлөр жана жарандар 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө 100 пайыз, ал эми карызынын негизги суммасын 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөсө 50 пайыз туум, санкция жана айып пулдары эсептен чыгарылат.

Салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрыла алышат.