Салык кызматы 8 айда 243 миллиард сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь-август айларында 190 миллиард 52,3 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 105,2%га, тактап айтканда 9 миллиард 328 миллион сомго ашыгы менен аткарылды.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 51 миллиард 125,7 миллион сомго көбөйүп, өсүү темпи 136,8%ды түздү. Анын ичинде республикалык бюджетке 165 миллиард 234,7 миллион сом түшкөн. План 104,6%га же 7 миллиард 261,8 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47 миллиард 500,3 миллион сомго көп (өсүү темпи 140,3%).
Жергиликтүү бюджетке 24 миллиард 817,6 миллион сом жыйналган. План 109,1% га же 2 миллиард 66,1 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 3 миллиард 625,4 миллион сомго көбөйүп, өсүү темпи 117,1% ды түздү.
Ошондой эле, Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды 1 миллиард 259,4 миллион сомго, тактап айтканда 102,4% га ашыгы менен аткарып, 52 миллиард 999,4 миллион сом чогулткан. Бул көрсөткүч 2024-жылдын январь-август айларында чогултулган суммадан 4 миллиард 207,5 миллион сомго көп, өсүү темпи 108,6%.
Ушул жылдын сегиз айында чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 243 миллиард 51,7 миллион сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55 миллиард 332,5 миллион сомго көп.