Салык кызматы: «Ырчылар да ККМди колдонушу керек»

Социалдык тармактын колдонуучулары ырчылар да ККМ колдонушу керектигин жазып чыгышты. Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Салык кызматына кайрылганыбызда маалыматты тастыкташты.

«Ырчылар мурун эле колдонушу керек болчу. Анткени алар жарандарга кызмат көрсөтүшүүдө. Жарандарга кызмат көрсөткөн жана аларга товар саткандар ККМ колдонушу керек. Шоу бизнес ККМди колдонуудан бошотулгандардын тизмесинде жок», — дешти.