Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте административдик имараттардын тосмолорун алуу иштерин улантып жатат. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан маалымдашты.
Бул жолу Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын темир тосмолору алынды. Андан тышкары Кусаин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин тосмолору да алынды.