Салык кызматынын төрагасынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчысы билдирди.
Белгилүү болгондой, Кабыл Абдалиев мурунку жуманын соңунда коронавирус илдетин аныктоочу тест тапшырган. Анын жыйынтыгында Абдалиев илдетти жуктуруп алганы аныкталган. Учурда ал өзүн изоляциялоо алкагында дарыланууда.
Ушул себептен улам, салык кызматынын төрагасы Жогорку Кеңештин экономикалык жана фиксалдык саясат боюнча отурумуна катыша алган эмес. Анын ордуна орун басары Искендер Асылкулов келген.