Салыктарды эми калкты тейлөө борборлорунда төлөөгө болот

Салыктарды эми калкты тейлөө борборлорунда төлөөгө болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн жана аймактык салык кызматтарынын, банктардын жана почта бөлүмдөрүнүн түйшүгүн жеңилдетүү үчүн жасалган.

Жарандар №1, 2, 3, 4, 3/2 КБКларда жана Asia Mall соода борборунда жана ЖЭБдин жанындагы Globus гипермаркетинде жайгашкан тейлөө борборлорунда төлөй алышат.

Транспорт каражаттарынын салыгы 1-сентябрга чейин, ал эми 2-сентябрга чейин жер салыгы жана батирлер менен үйлөрдүн салыгы төлөнүшү керек.