Салют атылбайт, бирок концерт болот. Бишкек Жаңы жылды кандай тосот?

Бишкектеги башкы майрамдык Жаңы жылдык иш-чара 31-декабрда «Ала-Тоо» борбордук аянтында саат 19:00дө башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кечээ мэр Айбек Жунушалиев мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен 31-декабрдан 1-январга караган түнү Жаңы жылды тосууга даярдыктар боюнча жыйынтыктоочу кеңешме өткөргөн. 

Вице-мэр Виктория Мозгочева аянтта эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа болоорун билдирди. Көрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн Айбек Жунушалиев фейерверк сатылбашы үчүн аянттын аймагындагы стихиялуу соода түйүндөрүн көзөмөлгө алууну буйруган.

Шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн Жаңы жылдык экспресс каттамдар саат 01:00гө чейин — автобустар менен троллейбустар, ошондой эле кичи автобустар каттайт. Мэрия алардын кыймылынын схемаларын кийинчерээк берүүнү убада кылууда.