Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору чини ыйгарылды

Чүй Облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору чини ыйгарылды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Самат Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевди суракка мажбурлап алып бара жатканда, экс-президенттин тарапташтары Курманкуловду таш менен урушкан. Ага 2 операция жасалып, бирок комада калган. 2019-жылдын 12-августунда аны дарылоо үчүн  Москвага алып кетишкен. Кийинчерээк ал өзүнө келип, өз алдынча басып, тамак жеп калган.

Буга чейин Кашкар Жунушалиев Ички иштер министри болуп турган кезде Курманкуловду “Эрдик” медалы менен сыйлаган.